Путин президенттик шайлоодо кантип добуш берди. Видео

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВ. Путин проголосовал на выборах президента РФ
В. Путин проголосовал на выборах президента РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путин Москвадагы шайлоо участкаларынын биринде добуш берди

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын башчысы Владимир Путин президенттик шайлоодо добушун берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Өлкө президенти Россиянын илимдер академиясында жайгашкан №2151 шайлоо участкасына келген. Ал шайлоо комиссиясынын кызматкерлерине паспортун көрсөтүп, бюллетень алып добуш берүү кабинасына кирген.

Фотофакт: огромная очередь у посольства России в КР — люди пришли голосовать - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: Россиянын КРдеги элчилигине добуш берүүгө келгендердин аягы көрүнбөйт
Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, канча пайыз добуш алса да өзү үчүн ийгилик экенин белгиледи.

Россиянын башчысы көпчүлүк учурда аталган шайлоо участкасынан добуш берип келет. Ал 2016-жылы Мамдума менен 2017-жылы муниципалдык шайлоодо ушул жерге келип добуш берген.

Ал эми Кыргызстанда жергиликтүү убакыт боюнча 8.00дө алты шайлоо участкасы ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0