Адистер уйку жашоонун узактыгына кандай таасир этерин аныкташты

Жазылуу
Уйкуну беш саатка чейин кыскартып салуу — адамды акырындык менен уулантууга барабар

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Аз уктоо адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизерин адам баласы эчактан бери билет. Бирок окумуштуулар акыркы жылдары ашыкча уйкунун дагы пайдасы жок экенин аныктай баштаганын орус илимпозу Михаил Полуэктовго шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Суткасына жети сааттан аз уктаган адам кан басымынын туруксуздугу, кант диабети, иммунитеттин тез түшүүсү сыяктуу илдеттерге туш болуу коркунучунда экенин билебиз. Бирок көп уктаган адамдар кайсы ооруларга чалдыгары так билине элек. Анткен менен ашыкча уктоо дагы канбаган уйку сыяктуу эле ар кайсы оорулардын өрчүп кетишине шарт түзөрүнө көзүбүз анык жетти", — деди Полуэктов.

Анын айтымында, уйкуну беш саатка чейин кыскартып салуу — адамды акырындык менен уулантууга барабар. Анткени 5-6 саат ичинде организмдин саналуу гана функциялары калыбына келүүгө жетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0