Ксения Собчак дебат маалында ызаланып ыйлап ийди. Видео

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКандидат в президенты РФ К. Собчак вручила направления наблюдателям
Кандидат в президенты РФ К. Собчак вручила направления наблюдателям - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы дебатта Ксения Сочбак ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновскийге түз эфир маалында стакандагы сууну чачып ийген

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын президенттигине талапкер Ксения Собчак "Россия-1" телеканалынын дебаты маалында ыйлап ийди. Бул тууралуу видео YouTube каналына жүктөлдү.

Дискуссиянын аягында ар бир талапкерге шайлоочуларга кайрылуу үчүн 30 секунддан убакыт берилген. Сөзүнүн аягында Собчак атаандаштары анын сөзүн ар дайым бөлүп, тоскоолдук кылып жатканын айтып, алып баруучу Владимир Соловьевдон убакыт кошуп берүүсүн өтүнгөн. Бирок журналист анын суранычын аткарууга укугу жок экенин билдирген.

Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Российскую Федерацию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Россиянын эли Путинди шайлап алышын каалайм
Башка талапкерлер Собчакка жооп кайтарып, ортодо дагы бир жолу талаш-тартыш жаралып кеткен. Алып баруучу берүүнү аяктап жатып, БШКдан болуп жаткан көрүнүштөргө көңүл буруусун суранды. Бул убакта Собчак ыйлаган бойдон студиядан чыгып кетти.

Бул дебат маалындагы Ксения Сочбак менен болгон алгачкы чуулуу окуя эмес. Бир нече күн мурда ал ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновскийге түз эфир маалында стакандагы сууну чачып ийген.

Жаңылыктар түрмөгү
0