Илимпоздор мыкты мүчө бойлуу болуунун жөнөкөй сырын ачышты

© AFP / ANWAR AMROСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар адамдын ичкен тамагынын ыраатын жакшыртууга жол ачат деген ишенимде

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Илимпоздор адамды тер төккөн машыгуулар эмес, туура тамактануу арыктата турганын аныктаган макаласын Frontiers in Molecular Neuroscience журналына жарыялашты. 

Арыктоонун сырын ачуу үчүн Нидерландыдагы Гронинген университетинин окумуштуулары чычкандарга тажрыйба жүргүзүшкөн.

Кичинекей жандыктарды майлуу диетага отургузуп, андан бир жаш улууларына майы аз болгон тамактар берилген. Мындан тышкары, экинчи топтогу чычкандар айланган дөңгөлөктө чуркаган.

Көнүгүүлөрдү жасап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир нече айда 34 килограммга арыктаган киши элди таң калтырып, сырын ачты
Окумуштуулар семирүүгө негизинен микроглиялар — өлүп калган клеткаларды талкалоочу иммундук системанын клеткалары жол ачарын аныктап чыгышты. Каллориясы төмөн тамак-аш жеген чычкандардын микроглияларынын активдүүлүгү бир топ басаңдаган.

Илимпоздор ачылыш адамдын рационун туура түзүүгө жардам берет деген ишенимде.

Ал арада Тажикстанда бийлик бардык мамлекеттик кызматкерлерди эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоого милдеттендиргени белгилүү болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0