Кувейтте рак же диабетке чалдыккан мигранттар туруктуу жашай албайт

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүГорода мира. Эль-Кувейт
Города мира. Эль-Кувейт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги чет элдиктерге өлкөдө туруктуу жашоого жол бербеген 22 илдеттин тизмесин жарыялады

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кувейтке иштегени барган чет өлкөлүктөрдөн рак, диабет сыяктуу кооптуу оорулар чыгып калса, аларга туруктуу жашоого уруксат берилбей турган болду. Бул тууралуу Al Arabiya басылмасы жазды.

Жакында Кувейттин Саламаттык сактоо министрлиги чет элдиктерге өлкөдө жашоого жол бербеген 22 илдеттин тизмесин жарыялады.

"Бул оорулардын катарына рак менен диабеттен тышкары көздүн начар көрүүсү, бөйрөк оорулары, туруксуз кан басымы, ич өткөк илдеттери кирет. Бирок буга чейин туруктуу жашоого уруксат алып алган адамдардан аталган оорулар табылып калса, алар өлкөдөн чыгарылбайт", — деп жазылат макалада.

Маалыматка караганда, Кувейт бийлигинин мындай чечим кабыл алуусунун себеби — саламаттык сактоо жаатына каржылоону азайтуу.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган өлкө СПИД, сарыктын В, С түрлөрү, кургак учук, безгек жана жыныс оорулары менен ооругандарга кирүүгө тыюу салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0