Ийгиликтүү болуу үчүн талант анча зарыл эмес. Окумуштуулардын пикири

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDГалстук тагынып жаткан адам. Архив
Галстук тагынып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар жөн гана жолдуу адамдарга өзгөчө жеңилдиктерди берип койбош үчүн эмгекти баалоонун жаңы жолдорун кароону сунуштап жатышат

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Чоң ийгиликтерди багындырган адамдар көпчүлүк учурда башкалардан акылы, таланты жана эмгекчилдиги менен айырмаланбайт, жетишкендиктердин көбү буйрук менен байланыштуу. Мындай чечимге Катания (Италия) университетинин окумуштуулары келгенин РИА Новисти агенттиги жазды.

Окумуштуулар компьютер аркылуу виртуалдык каармандарды жасап, бардыгына бирдей талант, интеллект жана кемчиликтерди берген. Атайын программанын негизинде кимиси канча байлык топтой алар экен деп биринчи аракетти ишке ашырганда, эч кимси айырмалана алган эмес. Кийинки жолкусунда алардын жашоосуна ар кандай капысынан болгон окуяларды кошуп коюшкан.

"Жыйынтыгында чыныгы жашоодогудай эле катышуучулардын 20 пайызы болгон-бүткөн байлыктын 80 пайызын ээлеп алды. Тактык үчүн бул аракетти бир нече жолу кайталап корүшкөндө дагы дал ошондой эле жыйынтык чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле окумуштуулар адамдарды жолдуулугуна карап эмес, жасаган эмгегине жараша баа берүү керектигин айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0