Окумуштуулар эмне үчүн кол кармашуу ооруну басаңдатарын түшүндүрүп беришти

© AFP / SEBASTIEN BOZONКол кармашып бараткан түйгөй. Архив
Кол кармашып бараткан түйгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис Павел Голдстайн мындай иликтөөнү жүргүзүү өзүнүн жашоосунда болгон окуядан улам болгондугун айтып берген

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Сезимдер козголуп, адамдар бири-биринин колун кармап турган учур жандын кыйналганын азайтып, мээдеги активдүүлүктү жандантат. Бул туурасында РИА Новости Proceedings of the National Academy of Sciences журналына шилтеме кылып кабарлады.

Муну Колорадо жана Хайф университетинин окумуштуулары аныктап чыккан.

Ооруларды иликтеп чыккан Боулдердеги лабораториянын жетекчиси Павел Голдстайн мындай иликтөөнү жүргүзүү өзүнүн турмушунда болгон окуядан улам болгондугун айтып берген.

"Аялым кыйналып жатканын көрүп чыдабай, кантсем, эмне кылсам деп жаман болдум. Колун акырын кармап, аны аяп жатканымды, мага жакын адам экендигин сезимим менен билдирүүгө аракет кылдым. Анан мунум текке кетпей, оорусу басылганын десемби же жеңилгенин десемби, айтор, жаны жай алып калганын байкадым. Ал окуядан кийин аталган учурду лабораторияда сынап көрүүнү чечтим", — деп айтып берген адис.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кайсы беш дары инсультка алып келээрин аныкташты
Бул суроого жооп табуу үчүн адистер 23-32 жаш курактын ортосундагы 22 түгөйдү тажрыйбага катышууга чакырган. Окумуштуулар ар кыл — жөн гана кол кармашып катарлаша отурганда, ар башка бөлмөлөрдө басып жүргөндө, дагы башка учурлардагы жубайлардын мээсинин активдүүлүгүн текшерген.

Аял менен эркектин колу бири-бирине тийгенде алардын мээсинин толкундары өз ара абдан чыңалуу менен иштеп, оору басаңдаган.

"Кыязы оору түгөйлөрдүн өз ара синхрондошуусун бөлүп, ал эми колдору бири-бирине тийгенде ал кайрадан калыбына келет окшойт", — деп айткан Годстейн.

Эки адамдын мээси бир эле учурда үн алыша иштегенде ооруну кантип басаңдатат деген ынанымга илимпоздор бир нече пикирлерин айтышкан. Тагыраагы, башка бирөөнүн колу тийгенде адам өзүн түшүнгөн бирөө бар деген ишенимде болуп, мээдеги ооруну басаңдатуу механизмдери иштейт дешкен.

Буга чейин окумуштуулар адам өлгөндөн соң эмнени сезерин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0