Путин: Россияга каршы өзөктүк курал колдонулса жооп ошол замат берилет

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү
Россиянын президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ президенти кайсы учурда мамлекет өзөктүк куралды колдоно турганын айтты

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россияга же анын тарапташтарына каршы өзөктүк кол салуу боло турган болсо жооп ошол замат берилет. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйын учурунда билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

РФ лидери өлкөнүн келечегине коркунуч жарала турган болсо мамлекеттин өзөктүк курал колдонууга укугу бар экенин баса белгилеген.

"Буга байланыштуу төмөнкүлөрдү айткым келет: Россияга же анын тарапташтарына чоң, орто, кичине, деги койчу, кандай гана кубаттуулуктагы өзөктүк курал колдонулбасын, биз аны кол салуу деп эсептеп, ошол замат катуу жооп беребиз", — деди Путин.

Ал ошондой эле АКШда жөнөкөй эле курал колдонулган учурларда деле жооп катары өзөктүк курал колдонууга жол берилгени кооптондуруп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0