Окумуштуулар сууга көп түшүү кооптуу экендигин айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековОзеро Комсомольское в Бишкеке.
Озеро Комсомольское в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын 29 пайызынан ашказан ичеги ооруларынын рак болуу тобокелдиги байкалган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Окумуштуулар деңиз суусуна, көлмөлөргө көп түшүү ашказан менен кулак ооруларды жаратарын айтышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
Англиядагы Эксетерск университетинин кызматкерлери Улуу Британиядан, АКШдан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан, Даниядан, Норвегиядан келген 19 докладды алган. Анда 120 кишинин сууда сүзүүсү менен саламаттыгы иликтенген.

Көлмөлөргө, көлдөргө көп түшкөн кишилердин ашказаны менен угуу органдары башкаларга салыштырмалуу эки эсеге көп ооруй турганы аныкталган. Алардын 29 пайызынан ашказан ичеги ооруларынын рак болуу тобокелдиги байкалган.

Адистер муну топтолгон сууга агып келген суу менен кошо түшкөн жугуштуу микроорганизмдерден улам болду деп боолгологон.

Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0