Жаңы келинди өөп жиберген кайнатанын айынан тойдо мушташ чыкты. Видео

© AFP / JEAN-PIERRE MULLERАк көйнөкчөн кыз. Архив
Ак көйнөкчөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Кытайда болгон. Арактын айынан жаштардын тою үзгүлтүккө учурады.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кытайда кайнатасы келинин көптөрдүн көзүнчө өөп жиберип, тойго келгендер мушташа кетти. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы кабарлады.

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Индияда жаңы үйлөнгөндөр белектерди ачып жатканда бомба жарылды
Ага ылайык, мас болуп калган кайната жаштарды куттуктоо үчүн атайын сахнага чыгып келе жатып, болочок келинин кучактап өөп жатканын тойго келгендирдин бири тартып алып, интернертке чыгарып жиберген.

Мындайды күтпөгөн кыздын туугандары, сахнага коюлган гүлдөрдү ыргытып, нааразычылыгын билдирген

Бул окуя Кытайдын чыгышындагы Яньчэн округунда болгону айтылды. Жигиттин атасы тойдо жасаган кылыгы үчүн эл алдында кечирим сураган.

Буга чейин Индияда өткөн үлпөт тойго келгендер тамак талашып мушташа кеткени да элди уу-дуу кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0