ЖМК АКШнын элчилигинин Иерусалимге качан көчүрүлөөрүн кабарлады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПосольство Израиля в Москве прекратило работу из-за забастовки дипломатов
Посольство Израиля в Москве прекратило работу из-за забастовки дипломатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик алгач жумушун убактылуу Иерусалимдин Арнон районундагы америкалык консулдук комплексинде баштай турганы маалым болду.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШ Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалим шаарына быйылкы жылдын 14-майында көчүрөт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул күнү еврей мамлекетинин түзүлгөнүнө 70 жыл толот.

"Элчилик алгач жумушун убактылуу Иерусалимдин Арнон районунда жайгашкан америкалык консулдук комплексинде баштап турмакчы ", — деп жазылат маалыматта.

Протесты в разных странах против решения США по Иерусалиму - Sputnik Кыргызстан
Иерусалим чечими: дүйнөнүн чар тарабындагы мусулмандар АКШга нааразы болууда
Эске салсак, былтыркы жылдын декабрь айында АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганын жана Тель-Авивдеги АКШнын элчилигин көчүрүү боюнча мыйзамга кол койгон. Бул бир катар өлкөлөрдүн тынчын алып, палестиналыктар жапырт каршы чыккан.

Бириккен Улуттар Уюму Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганын жокко чыгарган. Кыргызстан да БУУнун Иерусалим боюнча резолюциясын колдоого алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0