Каталары бар экен... Стив Жобстун жумушка кирген алгачкы арызы аукционго коюлду

© AP Photo / KRISTY MACDONALDОснователь компании "Apple" Стив Джобс
Основатель компании Apple Стив Джобс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аукцион 2018-жылдын 8-15-март күндөрү өтөт.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Америкалык ишкер Стив Жобстун 1973-жылы жумушка кирүү үчүн жазган арызы Бостон шаарында 50 миң доллардан жогорку баа менен сатууга коюлганын РИА Новости билдирди.

Apple компаниясынын түптөчүлөрүнүн бири Стив Жобс 18 жашында жумушка орношуу үчүн арыз жазган. Андан орфографиялык жана тыныш белгилер боюнча көп каталарды кездештирүүгө болот. Жадагалса, өзүнүн фамилиясын да кичине тамга менен жазып койгон.

"Өзгөчө жөндөмдүүлүгү" деген графага жаш Жобс "электрондук технология инженери жана долбоорду түзүү боюнча инженер" деп жазган. Ошондой эле айдоочулук күбөлүккө ээ экенин жана үйүндө телефону жоктугун белгилеген. Бирок анын кайсы кызматка арыз жазганы көрсөтүлгөн эмес.

Аталган аукцион 2018-жылдын 8-15-март күндөрү өтөт.

Apple компаниясынын аткаруучу диркетору Стив Джобс эң биринчи үлгүдөгү iPhone уюлдук телефонунун презентациясы учурунда, 9 январь 2007 жыл - Sputnik Кыргызстан
iPhone уюлдук аппаратынын эң биринчи үлгүсү 24 миң долларга сатылып жатат
Жобс 1972-жылы Калифорния штатындагы Купертино шаарындагы мектептен билим алып, Портлендеги (Орегон штаты) Рид колледжине тапшырган. Бирок биринчи семестрден кийин колледжден кетип, каллиграфия курсуна окуган. 1974-жылы күздө кайра Калифорнияга кайтып келип компьютердик оюндарды чыгарган Atari фирмасына техникалык кызматкер болуп жумушка орношкон.

Кийин 1976-жылы Стив Возняк жана Рональд Уэйндер менен биргеликте атагы дүйнөгө тараган Apple корпорациясын негиздейт. Анын штаб-квартирасы Купертино шаарында жайгашкан. Жобс 2011-жылы 5-октябрда көз жумган.

Адольф Гитлердин да жеке өзү колдонуп жүргөн телефону аукционго коюлуп 243 миң долларга сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0