Телевизорду көп көргөн киши кайсы ооруга чалдыгат. Окумуштуулардын аныктамасы

CC BY 2.0 / flash.pro / Evening watching televisionТелевизор көрүп жаткан адам. Архив
Телевизор көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буттун кан тамырларында уюп калган канды убагында дарылабаса, ал өлүмгө алып келиши ыктымал

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Убактысынын көбүн телевизордун алдында өткөргөн адамдар бут кан тамырларынын оорусуна чалдыгышы мүмкүн. Мындай чечимге АКШнын Миннесота университетинин окумуштуулары келгенин РИА Новости агенттиги жазды.

Медиктер 24 жыл бою 15 миң америкалыкты иликтөөгө алып, маал-маалы менен алардын жашоо образы тууралуу сурап турушкан. Бул аралыкта бутунун кат тамырларында кан уюп калган 691 адам катталган.

Бул илдетке телевизордун алдында бир топ убакыт өткөргөндөр дээрлик 2 эсе көбүрөөк чалдыкканы белгилүү болду.

"Адамдын жашоо образы активдүү болгонуна карабай, телевизор, компьютердин алдында узак убакыт бою отурбаганга аракет кылышы керек", — дейт иликтөө жүргүзгөн окумуштуулардын бири Ясухико Кубота.

Буттун кан тамырларында уюп калган канды убагында дарылабаса, ал өлүмгө алып келиши ыктымал экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0