Эммануэль Макрон шарапты алкоголдук ичимдикке кошууга каршы чыкты

© AFP / MARTIN BERNETTI Вино. Архив
Вино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макрон шайлоо кампаниясында салттуу француз ичимдигин жактап, Франциянын адабият, маданият, кино тармагын шарапсыз элестетүүгө болбой турганын айтып келген.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон шарапты алкоголдук ичимдик катары эсептебей турганын, аны бир күндө эки жолу ичээрин айтты. Бул тууралуу France Info радиостанциясына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Жаштардын организми арак, сыра сыяктуу алкологдук ичимдиктерден бузулуп жатат. Бирок буга шараптын эч тиешеси жок. Мен президент болуп турганда алкоголь жана чылым чегүү боюнча көзөмөлдү катуулатуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилбейт. Мен өзүм шарапты күндүз жана кечинде ичем", — деди Макрон.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Франция президенти Макрон эротикалык романдын автору болгон
Президенттин мындай билдирүүсүнө февраль айынын башында өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Аньес Бузиндин көтөрүп чыккан демилгеси себеп болду.

"Шарап индустриясы ал башка ичимдиктерден өзгөчө, ден соолукка зыяны жоктой кылып көрсөтүлүп жатат. Бирок ал арак, сыра, виски сыяктуу эле адамга залакасын тийгизет. Ошондуктан мыйзам чегинде чектөөлөр киргизилиши керек", — деген министр.

Эске салсак, Макрон шайлоо кампаниясында салттуу француз ичимдигин жактап, Франциянын адабият, маданият, кино тармагын шарапсыз элестетүүгө болбой турганын айтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0