Россияда 23-февралга карата белектер көбүнчө насыяга алынат

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүМайрамдык иш чаранын катышуучусу. Архив
Майрамдык иш чаранын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда аялдар жакындарына гаджет, парфюмериядан тышкары, мышык, кымбат баалуу ичимдик жана учакка билет сатып берүүнү туура көрүшөт

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Россияда февраль айында насыя берүүчү чакан компаниялардан алынган карыздардын 60 пайызы белек алууга жумшалат. Бул тууралуу кредиттик ишканалар арасында сурамжылоо жүргүзгөн РИА Новости агенттиги жазды.

"Белек берүү үчүн карызга акча алган майрамдар арасында 23-февраль үчүнчү орунда турат. Биринчи, экинчи орундарда 8-март жана жаңы жыл", — деп жазылат макалада.

Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президент кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады
Чакан насыяларды берген компанияга кайрылган аялдар карыз алуунун максатын түшүндүргөндө жолдошуна белек берерин айтышат. Алар гаджет, парфюмерия жана кымбат баалуу ичимдик сатып алууну туура көрүшөт.

Сурамжылоого катышкан аялдардын анча көп эмес бөлүгү машыгуу залына абонемент, кийим-кече жана спорттук иш-чараларга билет алып берерин айтышкан.

Ал эми аялдар насыя алуунун максаты катары көрсөткөн эң оригиналдуу белектердин катарына учакка билет, газон кыркуучу машина жана мышык кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0