Адам баласы ичимдиктен качан кутулат? Окумуштуулардын иликтөөсү

© AFP / BEN STANSALLАлкоголдук ичимдик. Архив
Алкоголдук ичимдик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин пикиринде, эгер мутация ийгиликтүү ишке ашса, болжол менен бир миң жылдан кийин адам баласы ичимдиктен толугу менен баш тартат

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. АКШнын Пенсильвания университетинин окумуштуулары Кейси Элизабет Джонсон менен Бенжамин Войт эки миңден ашык адамды иликтеп көрүп, азыркы кишилердин организминде болуп жактан беш мутацияны таап чыгышты. Бул тууралуу Nature Ecology & Evolution басылмасына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Ар кандай ооруларга туруштук берүү, ДНКдагы өзгөрүүлөр сыяктуу жаңылануулардын арасында ADH тобуна кирген гендендин мутацияга учурашы бар.

"Бул мутация адамдын организминде спиртке каршы заттар иштелип чыгышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Теория боюнча карасак, ал заттар менен спирт келишпес душман. Ошондуктан адам ичимдик ичкенден кийин өзүн дароо начар сезип, кийин таптакыр бөтөлкөгө жакындагысы келбей калышы ыктымал", — деп түшүндүрүштү окумуштуулар.

Адистердин пикиринде, эгер мутация ийгиликтүү ишке ашса, болжол менен бир миң жылдан кийин адам баласы ичимдиктен толугу менен баш тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0