Дубайда 3D технологиясынын жардамы менен имарат курулат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГорода мира. Дубай
Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2030-жылга чейин Дубайда курулчу имараттардын 25 пайызы 3D-басма технологиясы менен курулары айтылууда

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Дубай шаарында эки айдан кийин 3D-басма технологиясы менен курулган вилла пайда болот. Бул тууралуу Arabian Business басылмасына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Бул имаратты тургузуу үчүн керектелчү бардык жабдуулар менен техникалар Дубайга жеткирилди. Долбоордун майда-чүйдөсү тууралуу ачык айтыла элек.

"2030-жылга чейин шаарда курулчу имараттардын 25 пайызына 3D технологиясы колдонулуп чыгымдардын азайышына шарт түзүлөт. Ошондой эле заңгыраган имараттар аз убакыттын ичинде эле ишке бериле баштайт", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми бишкектик программист Салтанат Алиева бионикалык протездерди жасоо үчүн өз колу менен 3D-принтерди чогулткан. Бүгүнкү күндө кол менен буттун протездерин басып чыгарып жаткан Алиева келечекте "башка керектүү нерселерди жасайм" деп план коюда.

Жаңылыктар түрмөгү
0