Дагестандагы кандуу окуяны "Ислам мамлекети" уюму жасаганын мойнуна алды

© Фото / NewsTeam / Медиабанкка өтүүВ Дагестане уничтожен лидер "буйнакской группы"
В Дагестане уничтожен лидер буйнакской группы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кизляр шаарында 22 жаштагы Халил Халилов масленица майрамында чиркөөдө улгайган беш аялды атып өлтүргөн

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Дагестандын Кизляр шаарындагы кандуу окуяны жасагандыгын "Ислам мамлекети" мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости SITE Intelligence Group уюмуна шилтеме берип кабарлады.

Бирок маалыматта аталган уюм бул кандуу окуяга тиешеси бар экендиги боюнча далил келтирбегендиги белгиленген.

Нападение на отель Интерконтиненталь в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Террорчулардан куткарылган кыргызстандыктар кыз-келиндер болгон. Кабулдагы видео
18-февралда 22 жаштагы Халил Халилов аңчылык кылган мылтык менен Кизляр шаарында масленица майрамында чиркөөдө улгайган беш аялды атып өлтүрүп, төрт кишини жарадар кылган.

Жаракат алгандардын арасында полиция менен Росгвардиянын кызматкерлери бар. Ал эми кол салган адам ошол жерден Росгвардия кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин январдын аягында дагы бир теракты болуп, Кабулда жасалган жардыруудан 95 адам көз жуумп, 158 адам жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0