ЖМК: Ан-148 учагынын пилоттору кырсык болор алдында урушкан

© Фото / Межгосударственный авиационный комитет / Медиабанкка өтүүПодмосковьеде кулаган учактын кара ящиги
Подмосковьеде кулаган учактын кара ящиги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара ящикте жазылып калган маалыматтар учкучтар урушканын тастыктаган

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Подмосковьеге кулаган АН-148 учагынын пилоттору учуп баратканда урушканын "Коммерсантъ" басылмасы кара ящикте жазылып калган маалыматтарга таянып билдирди.

Ан-148 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырсыктаган Ан-148ди чакырып жаткан диспетчердин сүйлөгөнү интернетке чыкты
Белгилей кетсек, 11-февралда Домодедово аэропортунан учуп чыккан "Саратов аба жолдору" авиакомпаниясына таандык Ан-148 учагы Подмосковьеге кулаган. Анын ичиндеги бардык 71 киши каза болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасында эки жаран чет элдик болгону маалымдалып, алардын ичинде Кыргызстандын жарандары жок экени кабарланган.

Учак Москва — Орск каттамы боюнча учкан.

"Коммерсантъ" басылмасынын жазышынча, кара ящик катуу жабыркагандыктан аны бир нече күн калыбына келтиришкен. Андагы жазуу өтө эле кыска болгон. Домодедово аэропортунан учуп чыгаарда учкучтар бардык жабдуулар жайында экенин текшерип, контролдук картаны окушкан.

"Учак учуп чыккандан кийин пилоттор ылдамдыкты көрсөтүүчү жабдуулардын эң төмөн жана бири-биринен айырмаланган маалыматтарга көңүл бурушкан. Абалды жөнгө салуу учурунда уруша кетип, ылдамдыкты көбөйтүп, учакты жерди көздөй айдашкан. Учак жерге урунганда учкучтардын кыйкырып-өкүрүп жатканы жазылып калган", — деп айтылат маалыматта.

"Коммерсантъ" басылмасынын булагынын билдиришинче, учкучтар ылдамдыктын көрсөткүчү боюнча маалыматтар эмнеге эки башка болуп калганын түшүнүшкөн эмес. Андыктан алар абалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Момент падения Ан-148 в Подмосковье попал на камеры - Sputnik Кыргызстан
Ан-148 учагынын Подмосковьеге кулаган учуру камерага түшүп калган. Видео
Кара ящикти мамлекеттер аралык авиация комитети текшерген. Эксперттердин айтымында, жылытуучу жабдыкты күйгүзбөй коюу бардык приборлордун муз болуп иштебей калышын шарттаган. Андыктан учкучтардын дисплейиндеги маалыматтар түрдүү болгон. Учак 2 миң метр бийиктикке көтөрүлгөндө индикаторлорунун бири бул бийиктик үчүн жол берилбей турган саатына 200 чакырымды, ал эми экинчиси нөлдү көрсөткөн. Бирок учактын чыныгы ылдамдыгы ошол маалда саатына 600 чакырымды түзгөн.

Экипаж индикатордогу маалыматка таянып, керектүү ылдамдыкты алуу үчүн дароо төмөндөгөн, анын кесепетинен учак жерге урунган.

Жаңылыктар түрмөгү
0