16:33 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарындагы мектептеги атышуудан 17 киши каза тапты

АКШ: мектептеги атышуу 17 кишинин өмүрүн алып кетти

© REUTERS / HANDOUT
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
34210

Мектеп имаратынын ичинен 12 киши каза тапса, үчөө көчөдөн, экөө ооруканадан жан берди

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. АКШнын Флорида штатындагы Паркленд шаарындагы мектептеги атышуудан 17 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости аталган округдун шерифи Скотт Исраэлге шилтеме кылып кабарлады.

Автомобиль на котором был совершено наезд на четырех учителей в городе Кербен
© Фото / УВД Джалал-Абадской области
Анын айтымында, мектеп имаратынын ичинен 12 киши каза тапса, үчөө көчөдөн, дагы экөө ооруканадан жан берген. Андан сырткары, 17 киши жаракат алган.

Окуяга күбө болгондор сабактын бүтөрүнө 10 мүнөттөй убакыт калганда өрт боюнча сигнал жаңырып, андан соң атышуу угулган. Флоридадагы мектепте ок аткан бала кылмыш болгон жерден качып, топтолгон элге аралашып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшүрүлгөн. 19 жаштагы Николас Круз тартиби жаман болгону үчүн мурда мектептен чыгарылганы аныкталды.

Кылмыш болгон жерден AR-15 мылтыгы жана бир канча ок табылган. Круздун мугалимдеринин бири ал мурдараак классташтарын коркуткандыктан, мектеп аймагына рюкзак менен кирүүгө тыюу салынгандыгын айтып берген.

Тема боюнча

"Ислам мамлекети" Лас-Вегастагы атышуунун жоопкерчилигин алды
Белгилер:
өлүм, курал, мектеп, окуучу, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ