12:56 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Россиялык аскер кызматкерлери. Архив

Россияда аскер адамдарына соцтармакты колдонууга тыюу салынат

© Sputnik / Евгений Биятов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
80 0 0

Аскерийлердин туугандарына да жакынынын кызматы боюнча маалыматты жайылтпоо жана жазбоо сунушталган

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Россиялык аскер кызматкерлерине "Одноклассники", "ВКонтакте", Facebook жана дагы башка бир катар социалдык тармактарды колдонууга болбой тургандыгы айтылды. Бул туурасында РИА Новости "Известия" басылмасына шилтеме кылып кабарлады. Басылма маалыматты Россиянын Коргоо министрлигине таянып жарыялаган.

Муну менен катар эле аларга кайда иштээри туурасындагы маалыматты жарыялабай жана мобилдик телефондун геолокациясын өчүрүп коюуга кеңеш берилген.

"Азырынча бул сунуш катары айтылганы менен ведомство аны милдет катары киргизүү үчүн мыйзамга толуктоо даярдап жатат. Коргоо министрлиги аскер кызматкеринин интернетти кандай колдонушу керектиги тууралуу эрежелерди 2017-жылы иштеп чыккан. Сунуштар аскер бөлүктөрүнө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Бул багыттагы сунуштарда чет элдик ресурстардын администраторлору ал жакта жайгаштырылган жеке маалыматты баш-аягына чейин карап, билип турушат.

"Россиялык аскерийлердин жазгандарын чет элдик атайын кызматтар анализге алышат. Андыктан жарыяланган сүрөттөр менен видеоматериалдар "аскердик тапшырманын аткарылбай калышына" көмөкчү болушу мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.

Ал эми аскерийлердин туугандарына да жакынынын кызматы боюнча маалыматты жайылтпоо жана жазбоо сунушталган.

Бул кеңештер "Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө", "Аскер адамынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга кошумча киргизилмекчи. Учурда булар күч түзүмдөрү боюнча министрликтери менен макулдашып, бекитүү үчүн жиберилген.

Басылма бир катар чет мамлекеттер аскер кызматкерлеринин интернетте отурушу боюнча маселени мурда эле жөнгө салып алгандыгын жазды.

Чет элдик тажрыйба

Буга чейин The Washington Post басылмасы АКШнын аскерий базалары жана америкалык бир катар жашыруун объектилер тууралуу маалымат Global Heat Maps интерактивдүү картасында дүйнө боюнча тарап кеткен. Ага Strava смартфондорунун спорттук тиркемеси себепкер болгон. Тагыраагы, Ирак, Сирия жана башка аймактарда америкалык аскерлердин баскан-турганы көрүнүп турган. Бул окуялардан кийин Сингапурдун Коргоо министрлиги аскер кызматкерлеринин фитнес-билериктерин чектеген. Ал эми жоокерлерге атайы, жашыруун тапшырмаларды аткарууда жана машыгууда аларды тагынууга таптакыр эле тыюу салган.

Мындан эки жыл мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик сыр болчу маалыматтарды тактаган мыйзам долбоорду коомдук талкууга алып чыккан.

Тема боюнча

УКМК мамлекеттик сыр болчу маалыматтарды тактоо боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштоодо
КР менен Россиянын аскердик кызматташуусу тууралуу келишим ратификацияланды
Белгилер:
социалдык тармак, интернет, Аскер, Сингапур, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ