Түркияда 70тен ашык киши күйдүргү дартына шектелип, бир адам каза болду

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүКардиологическое отделение РКБ им. Семашко в Симферополе
Кардиологическое отделение РКБ им. Семашко в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик окуяны иликтей турганын билдирип, оору чыккан аймакка карантин киргизилди

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркиянын түндүгүндө 73 киши күйдүргү дартына шектелип ооруканага жаткырылганын Hurriyet басылмасы жазды.

Последствия селя в Аксы - Sputnik Кыргызстан
Аксыда күйдүргү оорусун алдын алуу иштери жүрүүдө
Ага ылайык, бир киши каза болгон. Окуя Трабзон провинциясында катталган. Күйдүргү дарты жеке чарбадагы уйлардын биринен аныкталган. Дарыгерлердин эскертүүсүнө карабай уйдун ээси аны союп, кошуналарына таратып салган.

Этти жегендердин абалы оор. Ооруканага жаткандардын үчөөнөн күйдүргү дарты аныкталган. Калгандарынын анализдери чыга элек.

Жергиликтүү бийлик окуяны иликтей турганын билдирип, оору чыккан аймакка карантин киргизилди.

Кыргызстанда да былтыр күйдүргү дартына кабылгандар чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0