Италиянын тургуну жасалма 40 млн. евро сактап жүргөн

© AFP / MIGUEL MEDINA500 евро купюралары. Архив
500 евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жасалма акчаларды санап чыгуу үчүн алты полиция беш саат бою тынбай иштеген

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Италиянын Неаполь шаарындагы тинтүү учурунда укук коргоо органдары жасалма 40 миллион евро табышты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Акча алмаштыруу жайында акча санап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча алмаштыруучу жайларда элди кантип алдашат. Тасмага түшкөн ыкмалар
Тинтүү учурунда шектүү киши жашаган Торре-дель-Греко аймагындагы сарайдан оозу катуу жабылган желим челектин ичинен 90 пакетке салынган 50 жана 100 евро номиналындагы акча табылган. Ошондой эле 50 еврону басып чыгаруучу техника, кагаздар табылган.

Укук коргоо органдары жасалма 41 миллион евро жогорку сапатта жасалганын билдирди.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, жасалма акчаларды санап чыгуу үчүн алты полиция беш саат бою тынбай иштеген.

Буга чейин Токмок шаарынын тургундарынан да жасалма акча табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0