Дубайда бүгүн дүйнөдөгү эң бийик мейманкана ачылат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүДубай шаары. Архив
Дубай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мейманкана 75 кабаттуу болуп курулган

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң чоң мейманкана Дубайда бүгүн пайдаланууга берилет. Бул туурасында РИА Новости маалымдайт.

Буга чейин да ушул эле Дубайдагы JW Marriott Marquis мейманкана комплекси бийиктиги боюнча дүйнөдөгү мейманканалардын сап башында турган. Ал 72 кабаттуу эки имараттан туруп, бийиктиги 355 метрге жеткен.

Рекордду жаңылаган Gevora мейманканасы да шаардын борбордук Sheikh Zayed Road шоссесинде жайгашкан. Ал 75 кабаттуу болуп курулуп, бийиктиги 356 метрге чейин жетти.

Мынчалыкка жетпесе да Бишкекке заманга ылайык келген мейманкана курууга дубайлык ири компаниянын аткаруучу директору кызыкдар экенин өкмөт башчы Сапар Исаковго айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0