Салмагы 17 килограмм болуп калган япониялык кыз сүрөттөрүн көрсөттү

© AFP / JOEL SAGET Анорексия менен ооруган кыз. Архив
Анорексия менен ооруган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашы 20дан ашкан кыз бир нече жыл мурда өз башынан өткөн азаптуу күндөрдү эскерди

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Чоң ата, чоң энесинин колунда жашап, алардын зордук-зомбулугунан улам салмагы 17 килограммга түшүп кеткен япониялык кыз өз сүрөтүн Twitter тармагындагы баракчасына жарыялады. Бул тууралуу Metro порталына шилтеме берип, РИА Новости жазды.

​Маалыматка караганда, туугандары кызга тамак бербей, бир нерсе жеп атканын көрсө эле ур-тепкиге алып жүрүшкөн.

"Жайынтыгында кыздын салмагы 16,8 килограммга түшүп кеткен. Ал ооруканага түшкөндө дарыгарлер бир аз болгондо жабырлануучу өлүп калмактыгын айтышкан", — деп жазылат макалада.

Дүйнөдөгү эң семиз бала, индонезиялык 12 жаштагы Арья Пермана - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң семиз бала 76 килограммга арыктады. Сүрөт
Кыз эмне себептен мындай тагдырга туш болгону жана туугандары кандай жаза тарткандыгы айтылган эмес.

Макалада бул окуя бир нече жыл мурда болгону, азыр ал 20 жаштан ашып, салмагы кадыресе болуп калганы жазылган.

Качандыр бир кезде катаал күндөрдү башынан өткөргөн кыз өзүнүн постунда зомбулукка чыдап отура бербей, жардам сурап кайрылуу зарыл экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0