АКШ: бала оюнчуктар салынган айнек кутуга кирип, кайра чыга албай калды. Видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм автоматка утуп алган оюнчуктар чыккан жеринен кирген. Аны чыгаруу үчүн куткаруучулардын беш мүнөт убактысы кетип, акыры бала каалаган оюнчуна жеткен.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Американын Тайтусвилл шаарындагы Флорида штатында кичинекей бала оюнчуктар салынган автоматка кирип кетип, кайра чыга албай калган. Окуя тууралуу жергиликтүү ыкчам кызматы Facebook баракчасы аркылуу кабарлап, видеосун күбөлөр тартып алган.

Orlando Sentinel басылмасына куткаруучулардын бири бала оюнчуктарды утуп ойноттурган айнек кутуга кирип, бирок ошол эле жол менен кайра чыга албай калганын кабарлаган.

Первый звонок в школах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Балдарга сөзсүз идентификациялык номер алуу керекпи? Каттоо кызматынын жообу
Басылманын маалыматына ылайык, өспүрүм автоматка утуп алган оюнчуктар чыккан жеринен кирген. Аны чыгаруу үчүн куткаруучулардын беш мүнөт убактысы кетип, акыры бала каалаган оюнчуна жеткен.

Балдар тууралуу ар кыл сезимди жараткан учурлар көп. Алардын бири — чачына муз тоңгон кытайлык окуучунун окуясын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинен окуңуздар

Жаңылыктар түрмөгү
0