Шотландиялык фермерди оюнчук жолборстон полиция "коргоп калды"

© AFP / MIGUEL MEDINA Игрушечные тигры в Франции
Игрушечные тигры в Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чакыруу түшкөн аймакка бир нече полиция унаасы жана полициянын куралданган кезмети келген

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Шотландиянын Абердиншир облусунда фермер короосуна келген жолборсту көрүп полиция чакырган. Куралданган укук коргоо органдары келгенде ал жырткыч эмес, оюнчук болуп чыккан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Чакыруу түшкөн аймакка бир нече полиция унаасы жана полициянын куралданган кезмети келип алган. Чынында фермердин жүрөгүн түшүрүп, жерде жаткан жолборстун сөлөкөтүн көрсөтүп турган нерсе жумшак оюнчук болуп чыккан.

"Ишемби күнү кечинде Хэттон районунда жашаган жаран фермасына жапайы жаныбар кирип алганын айтып, тынчсыздануу менен чалды", — деп айткан Шотландия полициясынын өкүлү, инспектор Жордж Кординер.

Жырткыч десе эле жүрөк түшөт. Мисалы арстандар мээримдүү да боло алат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0