Башына ок кадалып калган кыз Москвадагы ооруканага өзү келген

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер кыздын чекесиндеги окту алып чыккандан кийин ал полицияга арыз жазып, андан ары үйүнө кеткен.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Москва шаарынын жашоочусу ооруканага чекесинде туруп калган ок менен келген. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
"Чыгыш-5" кичи районунда ок жеген милиционер. Окуянын чоо-жайы
Окуя 3-февралда Гольяново районунда болгон. Бет кап кийип алган ууру 21 жаштагы кызды коркутуп, тапанча такап, акча талап кылган. Кыз акча бергенден баш тарткандан кийин ууру ок чыгарып, кыздын эч нерсесин албай, качып кеткен.

Жабырлануучу ооруканага эптеп жеткен. Дарыгерлер кыздын чекесиндеги окту алып чыккандан кийин ал полицияга арыз жазып, андан ары үйүнө кеткендиги айтылат.

Тартип сакчылары бул факты боюнча каракчылык беренеси менен иш козгогон. Алар кызга кол салды деп 20 жаштагы жарандан шек санап жаткандыгын, учурда иликтөө иштери башталгандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0