Сирияда Россиянын Су-25 аскердик учагы атып түшүрүлдү

© AFP / OMAR HAJ KADOUR Сбит российский самолет Су-25 в Сирии
Сбит российский самолет Су-25 в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учкуч жерге түшүп, бирок террорчулардын колунан каза тапкан

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Сириянын Идлиб провинциясында 3-февраль күнү Россиянын Су-25 аскердик учагы атып түшүрүлдү. Бул туурасында РИА Новости РФтин Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, Су-25тин учкучу коргону менен жерге түшүүгө жетишкен. Бирок ал террорчулар менен кармушуу учурунда набыт болгон. 

“Идлиб провинциясынын аймагынын үстүнөн айланып учуп бараткан Су-25 кулап түштү. Учкуч өзү коргонуп түшүүгө аракет кылып Жебхат ан-Нусра согушкерлеринин курчоосундагы аймакка буш болуп калган”, — деп жазылат маалыматта. 

Учурда Россия учкучтун сөөгүн мекенине алып келүү аракетинде. Коргоо министрлиги алдын ала маалымат боюнча учак зениттик-ракеталык комплекс менен атып түшүрүлгөнүн маалымдады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0