"Афгандык Месси". Кичинекей Муртазанын эки жылдан берки жашоосу кандай өзгөрдү

© Rahmat GulЮный фанат Месси из Афганистана Муртаза
Юный фанат Месси из Афганистана Муртаза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандык кичинекей бала желим пакеттен жасалып, Мессинин аты жазылган футболканы кийип топ тээп жүргөн сүрөтү интернет айдыңына жайылып кеткенден кийин дүйнөгө таанылган.

Кийин беш жаштагы Муртаза Ахмади футболчу Месси менен жолугуп белекке анын кол тамгасы коюлган футболкага ээ болгон.

Визит известного бойцы UFC Хабиба Нурмагомедова в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Хабиб 102 жаштагы кыргызстандык күйөрманы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады
Андан бери эки жыл өттү. Окуя 2016-жылдын башында башталган. Желим пакетке футбол жылдызынын аты менен номерин жазып, өзүнө футболка жасап алган баланын сүрөтү дүйнөлүк ЖМКларга тарап кеткен. Кийин журналисттер беш жашар Муртазанын Афганистанда жашаарын аныктап чыгышкан.

Муртаза Sputnik агенттигине берген маегинде мындай белекке аябай кубанып жатканын, бирок футбол легендасы менен көрүшкүсү келерин айтып берген. Месси өзүнүн афган күйөрманын унутуп калбастан "Барселона" командасы Катар менен ойноо үчүн келгенде Муртаза менен Доха шаарында жолуккан.

© REUTERS / Omar SobhaniАфгандык карапайым фермердин баласы Муртаза Ахмади интернет жылдызына айланган
Звезда интернета сын простого афганского фермера Муртаза Ахмади - Sputnik Кыргызстан
Афгандык карапайым фермердин баласы Муртаза Ахмади интернет жылдызына айланган

Sputnik Афганистан кичинекей "Месси" бүгүн кандай жашап жатканына жана футболго болгон кызыгуусу дагы деле күчпү деген суроолорго жооп издеп көрдү.

Учурда Муртаза 7 жашта. Ал Афганистандын Жагури уездинин Газни провинциясында жашайт. Жеткинчектин атасы Мохаммад Ареф Ахмади баласы Мессини биринчи жолу телевизордон көрүп, ошондон бери анын фанатына айланганын айтып берген. Муртаза кумириникиндей футболка кийип топ тепкенди кыялданчу.

"Балам күнүгө Мессиникиндей футболка сатып бер деп сурана берчү. Бирок жергиликтүү базарга барып андай таппай койгом", — деди баланын атасы.

Ошондо Муртаза агасына ак жана көк чийиндери бар желим пакетти берип сүйүктүү футболчусунун атын жаздырып алган.

"Балам жөнөкөй желим пакетке ушунча сүйүнөт деп ойлогон эмесмин", — деди Мохаммад Ареф.

© AFP / KARIM JAAFARАйттылуу Леонель Месси Муртазаны жетелеп оюн талаасына чыгып бара жатат
Футболист Леонель Месси  с мальчиком Муртазом Ахмади из Афганистана - Sputnik Кыргызстан
Айттылуу Леонель Месси Муртазаны жетелеп оюн талаасына чыгып бара жатат

Ырчы Толгонай Арзыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алар уйкудан туруп эле "жылдыз" болушкан. Соцтармакты дүң кылган 10 адам
Мындай өзгөчө футболка кийиген баланын сүрөтү социалдык тармакка тарап дүйнө жүзүн дүң кылган. Лионель Месси күйөрманы тууралуу укканда жүрөгү эзилип, ага топ менен эки футболка жөнөткөн. ЖМКлар баладан интервью алып басылмага чыгарышкан. Кийин анын үй-бүлөсү Кабулга чакырылып, Афганистандын Футбол федерациясы кичинекей "Мессиге" кумири менен жолугушуу уюштуруп берүүнү убадалаган.

"Месси баламды кучактап, колунан кармап алып футбол талаасына алып чыкканда көзүмө жаш алдым", — деп Муртазанын атасы эскерди.

Бирок кичинекей футболчунун жашоосунда кайгылуу да окуялар болгон. Месси менен жолуккандан кийин анын үй-бүлөсүнө коркутуулар боло баштаган.

"Мындан улам биз Жагурини таштап Пакистанга көчүүгө аргасыз болдук", — деди баланын атасы.

Бирок бөтөн жерде эки жыл кыйналып жашагандан кийин өз мекенине кайтууга аргасыз болушкан. Учурда Ареф төрт уулу, төрт кызы менен кичи мекенинде жашап келет. Балдары мектепке бара албаганы аны түйшөлтүп жатканын билдирген. Ал эми кичинекей "Месси" достору менен футбол ойноо менен алек. Ал келечекте тажрыйбалуу футболчу катары афган улуттук курамасы үчүн ойногусу келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0