Илимпоздор 9 миң жыл илгери жашаган кыздын келбетин көрсөтүштү

© Sputnik / Ксения Никольская / Медиабанкка өтүүМумия. Архив
Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын бети-башы багжайган жаактуу экенин көрүүгө болот

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Афина изилдөө борборунун кызматкерлери болжол менен 9000 жыл мурда жашаган кыздын келбетин чийип чыгышты. Бул тууралуу National Geographic жазды. 

В египетском Луксоре нашли мумию - Sputnik Кыргызстан
Египеттен табылган 3,5 миң жылдык мумиянын көрүнүшү. Видео
​Авгинин баш сөөгү 1993-жылы борбордук Грециянын аймагынан табылган. Жүргүзүлгөн анализдердин натыйжасында кыз мезолит доорунун соңунда жашап өткөнү аныкталган.

Математикалык алгоритмдерди пайдалануу менен компьютердик томография аркылуу илимпоздор кыздын жүзүн чийип чыгышты. Андан кыздын бети-башы багжайган, жаактуу экенин, көзү менен терисинин өңү таш доорунда ошол аймакты байырлаган адамдардан анча айырмаланбаганын көрүүгө болот. Ал эми тишинен анын 18 жашта экени белгилүү болгон. Кыздын өлүмүнө эмне себеп болгонун тактоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0