12:12 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8305
  • EUR78.3044
  • RUB1.0857
Samsung компаниясынын логотиби. Архив

Интернетке Samsung Galaxy S9 жана S9+ смартфондорунун сүрөтү чыкты

© REUTERS / Kim Kyung-Hoon
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
582 0 0

Бул жаңы аппараттарын бир айдан кийин элге кеңири алып чыгып, тааныштырмай болушту

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Интернетте Samsung Galaxy S9 жана S9+ смартфондорунун алды жагынан тартылган сүрөтү чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жаңы гаджеттин дизайны мурдагысынан көп деле айырмаланбайт. Портал Galaxy S9 смартфонунун 5,8 дюймдук дисплейи бар экени, төрт жана 64 ГБ көлөмдөгү маалыматтарды сактоо жөндөмү бар экени айтылат. Ал эми S9+ 6,2- дюйм экрандуу, ага алты жана 128 ГБ көлөмүндө материалдар батат. 12 мегапикселдик камера секундасына 480 кадр тарта алат.

Эки гаджеттин тең адамды жүзүнөн таануу мүмкүнчүлүгү мыкты экендиги айтылууда.

Жаңы смартфондордун бет ачарын 25-февралда өткөрүү пландалууда.

Тема боюнча

Бишкекте смартфондун баасы эмнеге кымбаттап жатканын адистер айтып берди
Белгилер:
гаджет, смартфон, Samsung

ЭҢ МААНИЛҮҮ