Дүйнөдөгү эң семиз бала 76 килограммга арыктады. Сүрөт

© AFP / MAHENDRAДүйнөдөгү эң семиз бала, индонезиялык 12 жаштагы Арья Пермана
Дүйнөдөгү эң семиз бала, индонезиялык 12 жаштагы Арья Пермана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын 10 жаш курагындагы салмагы 200 килограммга жеткен

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң семиз бала, индонезиялык 12 жаштагы Арья Пермана 76 килограммга арыктаганын The Mirror жазып чыкты.

​10 жашында 200 килограммга жеткен бала салмагынан улам ордунан кыймылдай албай, мектепке да барбай калган.

Былтыркы жылдын апрелинде Арьяга операция жасалып, ашказаны кичирейтилген. Үч жумадан кийин бала 20 килограмм салмак таштап, оор диетага отурган. Ушу тапта 12 жаштагы өспүрүмдүн салмагы 120 килограммга чукулдап, саламаттыгы жакшыра баштаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0