Түштүк Кореяда оорукана өрттөнүп, 31 киши каза болду

© REUTERS / STRINGERПожар в больнице в городе Мильян (Южная Корея)
Пожар в больнице в городе Мильян (Южная Корея) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча өрт имараттын биринчи кабатындагы тез жардам бөлүмүнөн чыккан

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Түштүк Кореядагы ооруканада өрт чыгып, каза болгондордун саны 31 кишиге жеткенин РИА Новости Рёнхап агенттигине таянуу менен билдирди.

Өрт жума күнү Мильян шаарындагы падыша Седжон атындагы ооруканада чыккан. Ал жакта 100дөй бейтап болгон. Болжол менен жабыркаган 40 кишиге дарыгерлер жардам берген.

Алдын ала маалымат боюнча өрт имараттын биринчи кабатындагы тез жардам бөлүмүнөн чыккан. Жалын 1 саат 40 мүнөттөн кийин гана өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0