Түндүк Корея бардык корей элине кайрылып, быйылкы жыл боюнча планын айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПхеньян шаары. Түндүк Корея. Архив
Пхеньян шаары. Түндүк Корея. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пхеньян жалпы корей элин "өзөктүк согушту" козутуп жаткан Америка Кошмо Штаттарына каршы чыгууга чакырган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Түндүк Корея бийлиги жалпы корей элине Пхеньян менен Түштүктүн ортосундагы аскердик чыңалууну жумшартуу боюнча кайрылуу жасады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Кайрылууда корей улутунун биригиши маанилүү милдет болуп эсептелинери айтылган. Аны менен кошо Түндүк жана Түштүк Корея өлкөнү бириктирүү маселесин өздөрү аныктап алышы керектиги белгиленген. Пхеньяндын пикиринде, бул маселеге башка тараптардын киришүүсүнүн кереги жок.

Түндүк Корея жогорудагы маселеден сырткары, алардын дарегине ракета жана өзөктүк куралдар программасы боюнча айтылган сын-дооматтарды азайтууну сунуштаган.

Флаг Республики Корея - Sputnik Кыргызстан
Олимпиаданын ачылышында эки Кореянын спортчулары бир желектин алдында чыкмай болду
Пхеньян жалпы корей элин "өзөктүк согушту" козутуп жаткан Америка Кошмо Штаттарына каршы чыгууга чакырды.

Алар коңшу мамлекети Түштүк Корея менен гуманитардык жана саясий багыттагы байланыштарды жандантууга кызыкдар экенин, бул саясий партиялардын ортосундагы байланыш экендиги айтылган.

Жалпылап алганда, Түндүк Корея бийлиги 2018-жыл тараптардын позициясын жакындата турган "кескин өзгөрүүлөрдүн жылы" болоруна ишенип турганын билдирген.

2015-жылдын башында Түндүк жана Түштүк Кореянын даражалуу аткаминерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болгон. Ал 2017-жылы Пхеньян Корей жарым аралында ракеталык-өзөктүк куралдарды сыноо учурунда да токтогон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0