Филиппиндин президенти эгер диктатор болуп кетсе өзүн атып салууну буюрду

© AFP / WU HONG / POOLФилиппиндин президенти Родриге Дутертенин архивдик сүрөтү
Филиппиндин президенти Родриге Дутертенин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө ичинде Дутерте президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин конституцияны өзгөртүп, бийлигин сактап калууга аракет кылат деген сөздөр тараган

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Филиппиндин президенти Родриге Дутерте эгер ал конституцияны бузуп, бийликте белгиленген мөөнөттөн көп калууга ниеттенсе атып салууну аскерлерге буюрду. Бул тууралуу Rappler.com порталы билдирди.

"Эгер мен бийликте белгиленген мөөнөттөн көп калууга ниеттенип, диктатор болууга аракет кылсам мени атып салгыла. Тамашалаган жокмун. Эгер бийликте бир күн дагы ашык отурсам Филиппиндин куралдуу күчтөрүн жана улуттук полицияны конституцияны сактоого чакырам", — деген пикирин Дутерте аскер базасына барганда билдирди.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп
Басылманын белгилешинче калк арасында Дутерте 2022-жылы президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин конституцияга өзгөртүү киргизип, бийлигин сактап калууга аракет кылат деген сөздөр тарап кеткен.

Филиппиндин президенти 2016-жылы май айында өлкө башчылыкка шайланган. Ал баңгизатына көз каранды болгон жана аны тараткан кишилерге каршы күрөш баштаган. Полициянын маалыматына ылайык, Дутерте бийликке келгенден бери баңгизатын сатууга катыштыгы бар болгон 2,4 миң киши жок кылынган. Дүйнө коомчулугу Дутертенин бул аракетин кескин сынга алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0