11:24 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив

Канадада курбусун өлтүргөн кыз селфиден улам полицияга кармалып калды

© AFP 2019 / CHARLY TRIBALLEAU
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
476721

Шайенн Роуз Энтони курбусун өлтүргөнүн мойнуна алганы менен окуя кандайча болуп кеткени эсинде жок экенин айткан

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Канадада өз курбусун өлтүргөн кыз жети жылга эркинен ажыратылды. Кылмыштын бетин ачууга адам өлтүргөн кыздын селфиси жардам берген. Бул тууралуу Canadian Broadcasting Corporation басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Саскатун шаарынын полициясы эки жылдан бери сөөгүн таштандыга ыргытылган кеткен 18 жаштагы Бритни Гарголдун өлүмүн иликтеп жаткан.

Маркумдун курбусу Шайенн Роуз Энтони полицияга Бритни экөө каргашалуу кечте жергиликтүү барлардын биринде чогуу болгонун, бирок ал аягында бейтааныш эркек менен кетип калганын билдирген.

Ал эми полиция Энтони курбусунун өлүмүнөн кийин социалдык тармакка жүктөгөн сүрөтүнө көңүл бурган. Селфиде Бритни Гаргол муунтулуп өлтүргөн курду Энтони тагынып турганын көрүүгө болот.

Ошентип Шайенн Роуз Энтони курбусун өлтүргөнүн мойнуна алганы менен окуя кандайча болуп кеткени эсинде жок экенин айткан.

Тема боюнча

Күрөк менен сабап... Сузакта үй-бүлөгө кол салууга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды
"Ирак сулуусу" израилдик бийкеч менен селфи кылганы үчүн өлкөдөн чыгып кетти
Белгилер:
селфи, өлүм, Канада

ЭҢ МААНИЛҮҮ