Нидерланддар менен Бельгиядагы бороон адамдарды камгактай учурду. Видео

© AP Photo / Peter DejongСильные ураганы в Нидерландах
Сильные ураганы в Нидерландах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча жаратылыш кырсыгынан төрт киши каза болгон

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Нидерланддар менен Бельгияда болгон катуу шамал кеминде эле эки кишинин өмүрүн алганын РИА Новости агенттиги эки мамлекеттин полициясына таянуу менен билдирди.

​Полициянын маалыматына ылайык, Оверейссел провинциясында кулаган бак эки кишини басып калган. Гелдерланд провинциясында дагы бир киши каза болуп, экинчиси оор жаракат алган.

Soir гезитинин жазышынча Бельгияда кулаган бак аялды басып калган.

Deutschewelle басылмасынын Facebook баракчасына бороондун видеосу жарыяланды. Анда катуу шамал кишилерди жана үйдүн чатырларын камгактай учуруп жатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0