Сергей Лавров: Борбор Азияда ар тараптуу кызматташууну жөнгө салуу керек

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүПрезентация Новосибирской области в Доме приемов МИД России
Презентация Новосибирской области в Доме приемов МИД России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул маселе козголгон жыйын жума күнү Нью-Йорк шаарында өтүп, "Коопсуз кызматташуу жана өнүгүүнүн модели катары Афганистанда, Борбор Азияда регионалдык өнөктөштүк куруу" деп аталды

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Москва Борбор Азияны бир тараптуу гана багытка салуу аракетинен баш тартуга үндөйт, регионго ар тараптуу өнөктөштүк керек. Мындай пикирин АКШда өтүп жаткан БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров билдирди. 

"Борбор Азия өлкөлөрүн түндүккө же түштүккө деп жалган тандоонун алдына коюунун кереги жок. Бул аймакка конструктивдүү курчоо жана ар тараптан өнөктөштүк зарыл. Ошондой эле бул мамлекеттердин ШКУ, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ сыяктуу уюмдар алдындагы милдеттерин сыйлашыбыз керек", — деди Лавров.

Бул маселе козголгон жыйын жума күнү Нью-Йорк шаарында өтүп, "Коопсуз кызматташуу жана өнүгүүнүн модели катары Афганистанда жана Борбор Азияда регионалдык өнөктөштүк куруу" деп аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0