Samsung Олимпиадага катышкан ар бир спортчуга Note 8 смартфонун белек кылат

© AFP / ISHARA S. KODIKARASamsung Galaxy Note 8 телефонунун презентациясы. Архив
Samsung Galaxy Note 8 телефонунун презентациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадага Кыргызстандын атынан лыжачы Евгений Тимофеев менен биатлончу Тариэл Жаркымбаев катышат

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Быйыл Түштүк Кореяда өтө турган Олимпиада оюндарынын расмий өнөктөшү Samsung Electronics Co. иш-чарага катышкан ар бир спортчуга Galaxy Note 8 телефонун белекке бермей болду. Бул тууралуу Korea Herald агентсттиги жазды.

Маалыматка караганда, компания ак түстөгү, аркасында Олимпиаданын символу болгон шакекчелер тартылган төрт миң даана смартфон чыгарат.

Олимпиада шакекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышкы Олимпиадага барчу экинчи кыргызстандык спортчу аныкталды
Ошондой эле бул телефондорго Олимпиада тематикасындагы сүрөттөр, бул жолку оюндар тууралуу бардык маалыматтар киргизилет.

Эксклюзивдүү смартфондор сатыкка чыгарылбастан, спортчуларга жана Олимпиада комитетинин өкүлдөрүнө белекке берилмекчи.

XXIII кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын 9-25-февраль күндөрү Кореянын Пхенчхан шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан ага лыжачы Евгений Тимофеев менен биатлончу Тариэл Жаркымбаев катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0