Якутияда 50 градус суукта жөө жүргөн эки киши тоңуп өлдү

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЯкутия. Архив
Якутия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондор 23 жана 29 жашта болгон

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Якутияда 50 градус суукта жеңил кийимчен эки адам жөө кетип баратып тоңуп өлгөн. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын жергиликтүү тергөө органдарына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, 12-январь күнү Намский районунун беш жашоочусу ВАЗ-2107 унаасы менен жылкы көргөнү "Кулайы" жылкы базасына барышкан. Түнкү саат 23.00дө жерине жеткен кишилер базанын ээси жок экенин көрүшөт. Ал 20 чакырым алыстыктагы коңшу базага кеткенин жазып кеткен.

"Бешөө жылкычыга жолугуу үчүн коңшу базага барууну чечишет. Бирок орто жолдон унаанын мотору бузулуп, андан ары жөө басышат. Ошол маалда жеңил кийинип алган экөө тоңуп калган. Алдын ала маалыматка караганда, ошол түнү аба ырайы 50 градус суук болгон", — деп айтылат маалыматта.

Базага биринчи жеткен адам болгон окуя тууралуу милицияга кабарлаган. Каза болгондор 23 жана 29 жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0