Россиянын полиция кызматкерлерине Кыргызстанда эс алууга уруксат берилди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Ички иштер министрлиги укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайсы мамлекеттерге барып эс алса болорун тактады

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россиянын полиция кызматкерлерине 13 мамлекетке барып эс алууга уруксат берилди. Бул тууралуу РФтин туристтик операторлор ассоциациясынын расмий сайтында маалымдалды.

Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев кызматкерлер үчүн коопсуз делген мамлекеттердин тизмесин бекитти. Анда төмөнкү мамлекеттер бар:

Абхазия
Азербайжан
Армения
Белоруссия
Вьетнам
Казакстан
Кыргызстан
Кытай
Куба
Тажикстан
Түркмөнстан
Өзбекстан
Түштүк Осетия

Белгилей кетсек, ИИМде иштеген кызматкерлер эс ала турчу мамлекеттердин тизмеси бир топ кыскарган. 2015-2016-жылдары укук коргоо органдарынын кызматтарына Таиланд, Тунис, Марокко, Мьянма, Никарагуа, Түркия жана Египетке барып эс алууга уруксат бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0