ЖМК: Франция президенти Макрон эротикалык романдын автору болгон

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүФранциянын президенти Эммануэль Макрондун архивдик сүрөтү
Франциянын президенти Эммануэль Макрондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макрондун романы тууралуу анын жубайы Брижит Троньенин өмүр баяны жазылган китепте баяндалат

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон 16 жаш курагында өзүнүн 40 жаштагы мугалими Брижит Тронье менен болгон мамилесинин башталышы тууралуу эротикалык роман жазган. Бул туурасында жакында сатыкка чыга турган мамлекет башчынын аялынын өмүр баяны тууралуу китепте жазылганын РИА Новости Closer журналына таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, ал китепте Макрондун текст терип акча тапкан кошунасынын сөзү дагы келтирилген.

"Бир күнү ал менден жаңы эле жазып бүткөн 300 беттен турган китебинин текстин терип берүүмдү өтүндү. Ал чечкиндүү, өткүр роман болгон. Албетте каармандардын аттары башкача жазылган, бирок менин оюмча ал ошол убактагы ички сезимдерин айткысы келсе керек", — деп айтылат өмүр баянында.

Макрон жубайы Брижит Тронье менен мектепте окуп жүргөндө таанышкан. Ал анын француз тилинен берген мугалими болгон. Алар 2007-жылы расмий түрдө никеге турушкан. Ортолорундагы жаш айырмачылыгы 24 жаш.

Биринчи айымдын өмүр баяны жазылган китеп 17-январда жарыкка чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0