12:16 22 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Прага калаасындагы шайлоо тилкелеринин биринде жарым жылаңачтанып чуркаган Femen кыймылынын активисткасы Анжелина Диаш

Жылаңач аял добуш берип жаткан Чехиянын президентине атырыла чуркады

© REUTERS / David W Cerny
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
111610

Чатак Прагадагы шайлоо участокторунун бирине президент добуш берүү үчүн келгенде болгон

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Прага калаасындагы шайлоо тилкелеринин бирине добуш берүү үчүн келген Чехиянын президенти Милош Земанга жарым жылаңачтанып чуркаган Femen кыймылынын активисткасы Анжелина Диаш 48 саатка камалды. Бул туурасында Чехиянын телеканалы маалымдады.

Кечээ, президенттик шайлоонун биринчи күнүндө, мамлекет башчысын көздөй жарым жылаңач болуп чуркаган аял англис тилинде сөгүнгөн сөздөрдү айтып, президенттин добуш берүүсүнө тоскоолдук кылууга аракеттенген. Аялды мамлекет башчынын күзөтчүлөрү кармап калган. Окуядан кийин Земан иш бөлмөсүнө келип, Femen кыймылынын активисткасынын ага кол салганын "сыймык" катары баалаган.

​​"Femen кыймылынын активисткасы украиналык Анжелина Диаш 48 саатка темир тордун артында отурмай болду. Ал эми Земанды көздөй чуркап, атырылганы "Бейбаштык" беренесине негизделип, эми полиция анын сотко келерин күтүп жатат", — деп билдирген Чехиянын телекомпаниясы.

Президенттик шайлоонун I турунун добуш берүү мөөнөтү жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө башталган. Ал эми учурдагы президент Милош Земан шайлоого катышып жаткан тогуз талапкердин бири.

Тема боюнча

Порошенко менен Лукашенконун жолугушуусунда жарым жылаңач кыз чуу салды
"Евровидениеде" сахнага чыгып шымын чечкен киши беш жылга кесилиши мүмкүн
Белгилер:
аял, жылаңачтануу, шайлоо, Чехия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ