Америкалык актриса Стивен Сигалды зордуктоого айыптады

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан
Визит актера и мастера боевых искусств Стивена Сигала в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылманын жазганы боюнча Симмонстон башка ондон ашык аял Сигалга карата арызданган

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Убагында Стивен Сигал роль жараткан тасманын массовкасына катышкан америкалык Регина Симмонс 20 жыл мурда голливуд жылдызы ага асылып, зордуктаганын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости Wrap басылмасына шилтеме берип жазды.

Стивен Сигал подписал именную звезду на московской Аллее Славы - Sputnik Кыргызстан
Боксчу Жордж Форман актер Стивен Сигалды беттешке чакырды
Басылманын маалыматына караганда, Симмонс 1994-жылы "Смертельная опасность" тасмасы тартылып жатканда Сигал менен таанышкан. Анда ал болгону 18 жаштагы секелек кыз болчу экен.

Симмонс актер аны Беверли-Хилздеги үйндө өтө турган кечеге чакырганын билдирген. Бирок ал барганда эч кандай кече уюшулбаганын жана ал жалгыз конок экенин түшүнгөн.

"Ал мени өзүнүн бөлмөсүнө киргизип алып өпкүлөп кирди" деген аял, Сигал аны зордуктап салганын билдирген.

Басылманын жазганы боюнча Симмонстон башка ондон ашык аял Сигалга карата арызданган. Бирок актриса зордукталганын биринчилерден болуп жар салды.

Буга чейин америкалык теле алып баруучу Эллен Дедженеристин жубайы Порша де Росси дагы актер жана продюсер Стивен Сигал ага асылганын айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0