Испанияда абакта өлдү деген киши моргдон "тирилип" кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с патологоанатомом Валентиной Пахман
Интервью с патологоанатомом Валентиной Пахман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын өлгөндүгүн алгач үч дарыгер тастыктаган болчу

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Испаниянын абактарынын биринде жазасын өтөп жатып каза болгон кишинин сөөгү моргго жеткирилип, соер алдында "тирилип" кеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Гонсало Монтойя Хименес уурулук жасаганы үчүн жазасын өтөп жаткан. Ал эртең мененки текшерүүгө келбей калганынан абактын кызматкерлери камерага барышса отургучта кыймылсыз отурган болот. Дарыгерлер келип анын каза болгонун айтышкан. Бул тууралуу анын туугандарына да кабар берилген.

В Беларуси гимнастка сорвалась с высоты в цирке - Sputnik Кыргызстан
Циркте гимнаст кыз бийиктиктен кулап кетти. Жүрөктүн үшүн алган видео
"Маркумдун сөөгү" соттук медициналык институтка жеткирилип, дарыгерлер союну пландап жаткан. Бир маалда сөөк салынган каптан үн чыга баштаган. Өлдү деген киши тирүү болуп чыккан.

Абактагы кишинин туугандары анын талмасы бар экенин айтышып, дем албай калышына туура эмес дары ичип алганы себеп болушу мүмкүн экенин болжошкон. Мындан тышкары, алар медициналык протокол бузулган деп эсептешет. "Маркумдун" жакындары үч дарыгер тең бир учурда жаңылбашы керек деген ойдо. Бейтапты бир эле дарыгер текшерип, калган экөө колун гана коюп койгон деген жүйө менен сотко кайрылууну пландап жатышат.

Учурда бейтап өзүнө келип, ооруканада дарыланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0