ЖМК: Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад бийлик тарабынан кармалды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВстреча Дмитрия Медведева с Махмудом Ахмадинежадом
Встреча Дмитрия Медведева с Махмудом Ахмадинежадом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын 27-декабрынан тарта Иранда каршылык акциялары уланып, эл экономикалык абалды жакшыртууну бийликтен талап кылууда

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Ирандагы каршылык акцияларын колдоп Шираз шаарына келген өлкөнүн мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад кармалганын РИА Новости агенттиги Al-Quds-Al-Arabi гезитине таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, бийлик мындай кадамга Ахмадинежаддын Бушер шаарындагы билдирүүсүнөн кийин барган.

Эл алдында сүйлөп жаткан экс-президент учурдагы өлкө башчысы Хасан Роуханинин дарегине катуу сындарды айткан. Анын ичинен бийлик элдин байлыгын басып алып жатканын жана элди туура эмес башкарып жатканын баса белгилеген.

Массовые акции протеста в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Иранда каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок
Маалыматка ылайык, Ахмадинежадды кармоо аракети өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеинин макулдугу менен жүргүзүлгөн.

Ахмадинежад 2005-жылдан 2013-жылга чейин эки мөөнөткө президент болгон. 2009-жылы ал экинчи мөөнөткө шайланганда өлкөдө каршылык акциялары өткөн.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 27-декабрынан тарта өлкөдө каршылык акциялары уланып, эл экономикалык абалды жакшыртууну бийликтен талап кылышууда.

Расмий Тегеран каршылык акциялары өлкө ичиндеги көйгөйлөрдөн улам жана ага АКШ, Улуу Британия менен Сауд Арабиясы шыкакчы болду деп эсептейт.

Өлкөдө болуп жаткан баш аламандыктан 20 киши каза болуп, жүздөгөн киши кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0