Пентагон жакында аскердик стратегиясын жарыялайт

© AFP / NIKOLAY DOYCHINOV АКШнын аскерлери. Архив
АКШнын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стратегияда АКШ коопсуздук боюнча чектерин белгилеп, ал эми атаандаштарынын тизмесине Кытай менен Россияны киргизген.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Пентагон Американын аскерий стратегиясын 19-январда жарыялай турганын АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис журналисттерге айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Анда жашыруун сакталышы керек деген көлөмдүү стратегиянын кыскача баяндалган, жашырбай ачык айтылган түрү болот", — деген Мэттис.

Американын азыркы президенти Дональд Трамптын кызы Иванка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иванка Трамптын АКШ президенти болуу ниети барбы?
Бул Дональд Трамптын администрациясынын декабрдагы жарыяланган коопсуздук боюнча улуттук стратегиясынын экинчиси.

Аталган стратегия АКШнын коопсуздук боюнча чектерин белгилеп, ал эми өлкө атаандаштарынын тизмесине Кытай менен Россия киргизилген.

Пентагондун кийинки жарыялай турган документи өзөктүк куралдар жана ракетага каршы коргонуу боюнча болору айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0