Россияда кышкы түндө токойдо калган өспүрүмдөрдү эки ит сактап калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТокой. Архив
Токой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучуларды издөөгө ӨКМ куткаруучулары, полиция, ыктыярчылар болуп бардыгы 200дөй киши тартылган

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россиянын Свердлов облусунда бир сутка бою токойдо калып калган эки өспүрүмдү куткаруучулар тапканын ӨКМге шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды. 

Маалыматка караганда, балдар Кушва шаарынан 30 чакырым алыстыктагы токойдо түнөшкөн. Экөөнүн тең буттарын үшүк алып кеткендиктен ооруканага жаткырылды.

"Окуучулардын колунда ширенке болгон эмес. Ошол үчүн алар отсуз отурушуптур. Бактыга жараша экөөнүн тең иттери болуп, алар жылынууга жарда беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Окуучуларды өздөөгө ӨКМ куткаруучулары, полиция, ыктыярчылар болуп бардыгы 200дөй киши тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0