Толгон ай. Мындай көрүнүш 150 жыл мурда болгон

Жазылуу
Айдын кынтыксыз болуп толуп, көз алдыңа жакын келгендей абдан чоң болуп көрүнүшү Ай менен Жердин бири-бирине жакын келген астрономиялык кубулуш.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жердин жашоочулары жакын арада чарадай болуп толгон айды көрө алышат деп билдирди Space.com.

"Айдын мындай болуп толушу астрономиядагы сейрек көрүнүш. Бул анын тутулуусу менен коштолот. Акыркы ирет мындай көрүнүшкө Жердин жашоочулары 1,5 кылым мурда күбө болгон", — деп жазылган аталган сайтта.

Айдын тутулуусу түн жарымында болуп, аны Жердин жарым шарында жашагандар көрө алат. Сейрек көрүнүшкө Борбордук жана Чыгыш Азиянын, Индонезиянын, Жаңы Зеландиянын жана Австралиянын арбын бөлүгү күбө болот.

Айдын кынтыксыз болуп толуп, көз алдыңа жакын келгендей абдан чоң болуп көрүнүшү Ай менен Жердин бири-бирине жакын келген астрономиялык кубулуштардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0